Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:15

СДП фракциясы парламентте мыйзамдуулукту талап кылды


Фракциянын лидери Бакыт Бешимов парламентте сөз сүйлөп, социал-демократтар маалымат жыйынын өткөрүү үчүн суралган маалымат борборунун эмне себептен жабылып калганын, ага расмий түрдө жооп берүүнү Жогорку Кеңештин жетекчилигинен талап кылды. Ал ошондой эле социал-демократиялык фракциянын иши үчүн шарт түзүлбөгөнүн айтып, мисал катары аларга күйүүчү май өз убагында берилбегенин, “Ак жол” фракциясына болсо дурус мамиле болуп жатканын жана ошондуктан паралментте теңдиктин жоктугун кошумчалады. “Ак жол” фракциясынын депутаттары өз кезегинде маалымат жыйынын өткөрүү үчүн бөлмөнү социал-демократтар саясий максатта пайдаланууга аракет кылганы үчүн берилбегени туура болгонун белгилешти.Төрага Айтибай Тагаев ал маселени өзү иликтеп аягына чыгаарын жана маалымат борбору күнү-түнү ачык болоорун билдирди.(AiT)

XS
SM
MD
LG