Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:44

Түштүк Корея кыргыз мигранттары үчүн квотаны көбөйтүүгө кызыкдар


Бул тууралуу Кыргызстандагы корей элчиси Ким Бенг Хо менен кыргыз өкмөт башчысы Игорь Чудиновдун жолугушуусунда белгилүү болду. Корей элчиси анын өлкөсү Кыргызстандын экономикасы үчүн ири өлчөмдө жеңил шартта насыя жана гранттарды бөлүүгө даяр экендигин билдирди. Кыргыз премьер-министри өз кезегинде өлкөдө агрардык сектор үчүн салым кошом деген чет элдик инвесторлорду каттоо жол-жоболору жеңилдээрин билдирди. Ошондой эле И.Чудинов Ким Бенг Хону элчи катары жаңы кызмат ордуна отурушу менен куттуктады. Жолугушууда Корей тарап кыргыз мигранттары үчүн квотаны көбөйтүүгө кызыкдар экендиги да маалым болду. (EK)

XS
SM
MD
LG