Талас облусунда “Ата Мекен” партиясы өткөн жумада конференция өткөрүп, аны Бакай-Ата районунда менчик жерлердин биринде өткөргөн. Менчик жерде бийликке маалымдама бербей эле конференция, жыйындарды өткөрүүгө мыйзам жол берет. Ага карабай Бакай-Ата районунун акими баш болгон бийлик 300-400 киши менен конференция өткөрүүгө каршылык көрсөткөн. Алардын коркутуп-үркүтүүлөрүнө карабай партия өз иш чараларын өткөрдү, деп белгиленген партия бүгүн тараткан билдирүүдө.
“Ата Мекен” партиясы Президентке жана Башкы прокурорго кайрылып, Бакай-Ата районун акимин кылмыш жообуна тартууну талап кылат. Анын Кылмыш кодексинин 148 беренесине туура келген жосунсуз аракеттерин далилдеген видео тасма бар.(AiT)