Линктер

дүйшөмбү, 23-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 14:27

Жаза мөөнөтү бүтсө да Кушбак Тезекбаев түрмөдөн бошотулбай жатат


Ош облус губернаторунун мурунку биринчи орун басары кызматынан кыянат пайдаланган, гуманитардык жардамды мыйзамсыз бөлүштүргөн деп айыпталып, 5 жылга эркинен ажыратылган. Мындан тышкары 500 миң сом айып салынган. Учурда Ошто камакта жаткан үлкөн аткаминердин ар бир күнүн эки күнгө эсептегенде, жаза өтөө мөөнөтү 2008-жылдын 13-декабрында аяктады. Тезекбаев кармалып турган Оштогу тергөө абагынын жетекчилиги суроого жооп берүүдөн баш тартты. (ATo)

XS
SM
MD
LG