Бүгүн АКШнын президенти Барак Обама Гуантанамо түрмөсүн жабуу боюнча буйрукка кол коет деп күтүлүүдө. Кубадагы Американын Гуантанамо түрмөсүн жабуу боюнча буйруктун долбооруна ылайык, түрмө өзү да, андагы аскерий сот да бир жылдын ичинде жабылышы керек болот. Обама, мындан сырткары, “террорист болушу мүмкүн” деп шектелип, Гуантанамодо отургандардын ишин кайра кароо боюнча да буйрукка кол койгон. Учурда бул түрмөдө отургандардын ичинде 250 адамды терроризм менен байланышы бар деп шектеп турушат.