Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:44

Орус президенти мамлекеттик сапар менен Өзбекстанда


Орусиянын президенти Дмитрий Медведев алгачкы мамлекеттик сапарын Өзбекстандан баштады. Медведевдин Ташкенге эки күндүк сапарынын программасы тууралуу кеңири маалымат айтыла элек. Бирок жаратылыш газына бай мамлекетке Орусия жасай турган инвестиция талкуулардагы негизги маселе катары көтөрүлөт деп айтылууда. Орусия Өзбекстан менен тыгыз мамиледе деп эсептелинет, бирок Батыш Анжиян окуяларынан кийин Өзбекстанга каршы киргизген санкцияларынын айрымдарын жакында алып салгандан кийин, Батыш менен Өзбекстандын мамилеси кайра жакшырып, бул Орусияга жакпай жатканы кабарланып келет.

XS
SM
MD
LG