Президент Курманбек Бакиев “ 2009-жылга республикалык бүджети жана 2010-2011-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамына кол койду. Ага ылайык, 2009-жылга республикалык бүджети кирешелер боюнча 44 млрд. 616 млн. 805,7 миң.сом суммасында жана чыгашалар 48 млрд.105 млн. 805,7 миң.сом суммасында (3 млрд. 432 млн. 707,7 миң сом суммасындагы өнүктүрүү бюджетинин алкагындагы гранттык каражаттарды кошкондо) бекитилди. Ошондой эле, өлкөнүн 2010-2011-жылдарга республикалык бүджетинин негизги параметрлеринин болжолу жактырылды. Мыйзам 2009-жылдын 1-январынан баштап колдонууга киргизилет. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. (AJ)