Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:45

Турсунбай Бакир уулу өзүнө саясий упай топтоо аракетин көрүүдө


Бул тууралуу билдирген Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитовдун айтымында, милиция кызматкерлери мыйзамдын чегинде Турсунбай Бакир уулунун үйүнөн курал-жарак бары-жогун текшерүү үчүн барышкан. “Ал өзүнө пиар кылып окуяны башка нукка буруп жатат”,-деп билдирди Сеитов. Турсунбай Бакир уулу “Азаттыктын” таңкы маегинде үйүндө өзүнө катталган мергенчилик кылуучу “Карабин” үлгүсүндөгү мылтык ок чонтойу жок сакталып турганын, ал мылтыкты алгандан бери бир дагы жолу мергенчиликке чыкпаганын билдирди. (AJ)

XS
SM
MD
LG