Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:16

Гуантанамодогу аскерий түрмө жабылат


АКШ президенти Барак Обама бир жыл ичинде Гуантанамодогу аскерий түрмөнү жабууну чечип, атайын жарлыкка кол койду. Жарлыктын негизинде ушу тушта сотто териштирилип жаткан иштердин баары кайра каралат. Кошумча дагы бир директивага ылайык сурак иштеринде кыйноо ыкмаларын колдонгонго тыюу салынат, тергөөчүлөр өз иштеринде аскер туткундары жөнүндөгү Женева конвенциясынын талаптарын так сактоого милдеттендирилет. Учурда бул түрмөдө отургандардын эки жүз элүүсү терроризм менен байланышы бар деп шектелүүдө. Евробиримдик жана бир катар укук коргоочу топтор Обаманын түрмөнү жабуу тууралуу чечимин кубатташты. Евробиримдиктин учурдагы төрагасы Чехия “бул чечим чоң символикалык мааниге ээ” деген маанайда билдирүү жасады.

XS
SM
MD
LG