Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:36

“Оскар” сыйлыгына талапкерлер көргөзүлдү


Америкалык киноакадемия 2008-жыл үчүн “Оскар” сыйлыгына талапкерлердин тизмесин жарыялады. Режиссер Дэвид Финчердин “Бенжамин Баттондун табышмактуу окуясы” аттуу тасма 13 номинацияда сыйлыкка көрсөтүлдү. “Шаардын ыпылас чет жакасынан чыккан миллионер” аттуу тасма он категорияда “Оскар” сыйлыгына көрсөтүлдү. “Жылдын мыкты актеру” деген наам үчүн бир катар Голливуд жылдыздары ат салышууда, алардын ичинде Шон Пенн, Брэд Питт, Микки Рурк, Анжелина Жоли жана Мэрил Стрип өңдүү атактуу актерлор бар. “Оскар” сыйлыгынын жеңүүчүлөрүнүн ысымдары 22-февралда Лос-Анжелесте белгилүү болот.

XS
SM
MD
LG