Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:04

Келгин кыргыздардын 40 пайызы турак-жайга муктаж


Бул тууралуу парламентте вице-премьер-министр Өктөмхан Абдуллаева билдирди. Анын айтымында, “Мекенине кайтып келген кыргыздарга мамлекеттик кепилдиктер” жөнүндөгү мыйзамга ылайык келгин кыргыздардын жарандык алып, турак-жайга ээ болуусу үчүн 48 миллион сом бюджеттен бөлүнмөк. Бирок өткөн жылы да, быйылкы жылы да бул багытта мамлекеттен каражат бөлүнгөн жок. Ошон үчүн келгин кыргыздар банктан ссуда алып, турак-жай алууга жана расмий катталуусуна мүмкүнчүлүк жок. Өткөн жылдын 1- январына карата келгиндердин жалпы саны 25 миң 390 адамды түзгөн. Анын ичинде Тажикстандан келгендердин саны 20 миң 280 адам, Өзбекстандан 527 адам келген жана Түркия, Кытай жана башка өлкөлөрдөн келгендердин саны жалпы келгиндердин 3 пайызын түзгөн.(BD)

XS
SM
MD
LG