Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:31

А.Калмаматов: “Менин жообумду журналисттер туура эмес жазышты”


Жогорку Кеңештеги “Ак жол” фракциясынын жетекчисинин орун басары Ажыбай Калмаматов “Азаттыкка” мындай пикирин Орусиянын РИА “Новости” маалымат агенттигинин кечээ АКШнын Кыргызстандагы авиабазасынын тагдыры президент Курманбек Бакиевдин Москвага февралдагы сапары алдында чечилет деп айтты деген кабарынан улам билдирди. Депутаттын айтымында, журналисттер "бул маселени президент чечет" деген сөзүн журналисттер бурмалап жазышкан. Бул маселе боюнча Жогорку Кеңештеги этика жана регламент комитетинин төрагасы Алишер Сабиров Калмаматов мезгилден озгон маалымат берип жатат деп, анын билдирүүсү сунуш болсо комитетте каралаарын билдирген. Ажыбай Калмаматов азыр Москвада ЖККУнун парламенттик ассамблеясынын жыйынына катышып жатат.(BD)

XS
SM
MD
LG