Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:48

Т.Жумабекова: “Кыргыздар чет жерде кул болуп жүрөт”


Депутат мындай пикирин чет жерден келген кыргыздардын жарандык алуу жана мамлекеттик колдоо көрсөтүүгө арналган өкмөттүк күндө билдирди. Анын айтымында, өкмөттүк камкордуктун жоктугунан кыргыздар чет жактарда кул болуп, маселен Казакстанда кул катары сатылып жатат. Ал эми депутат Нарынбек Молдобаев келгин кыргыздарды Чүйдөн тышкары Нарын сыяктуу калкы аз аймактарга жайгаштырып, бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюп, атайын бир программанын алкагында иш алып барууну сунуш кылды. Депутат Мурат Жураев болсо Тажикстандын чек арасына жакын жерден келген кыргыздарды Чүйгө алып келбей Баткенде жайгаштырууга эмне үчүн өкмөттүн алы жетпей жаткандыгына кызыкты. Вице-премьер-министр Өктөмхан Абдуллаева болсо ар кайсы аймактарда жайгаштыруу боюнча квота чектелгендигин жана аны өкмөт аткарууга милдеттүү экендигин билдирди. (BD)

XS
SM
MD
LG