Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:13

М. Конгантиев: Жоголгондорду издөөдөдө жыйынтык жок


Ички иштер минстри Молдомуса Конгантиев бүгүн ИИМдин колегиясында ың-жыңсыз жоголуп жаткан депутат Руслан Шаботоев менен дагы бир депутаттын уулу Бактияр Амиржановду издөөдө көзгө көрүнөөрлүк жыйынтыктын жоктугун айтып сынга алды. Ушул жаатта укук коргоо органдарынын дарегине айтылган сындарды адилеттүү деп баалады. Коллегиянын түштөн кийинки бөлүгүндө жоголгондорду издөөдө өзүнүн айынан калпыстык кетирген кызматкерлерге баа берилерин билдирди. Министрдин маалымдашынча өткөн жылы жалпысынан дайыны чыкпай жаткандары издөө үзүрлүү болгон. Изделген бир миң жети жүздөн ашык адамдын тагдыры дайын болгон, бул былтыркыга салыштырмалуу жүз кишиге көп, дейт М. Конгантиев. (EBM)

XS
SM
MD
LG