Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:21

Сокулук районунун прокурору Т.Сариевге эскертүү жасады


“Ак шумкар” партиясынын төрагасы Темир Сариев ал эскертүүнү албай, прокурорго бийлик өкүлдөрү бир кишиге эмес мыйзам алдында кызмат кылуусу керек деген мазмундагы кат жолдогонун "Азаттыкка" билдирди. Эскертүү берүүгө Темир Сариевдин 22-январда Сокулук районундагы Кызыл-Туу айылына барып ал жердеги тургундар менен эки жерде жолугушканы себеп болгон. Район прокурору аны уруксат берилбеген жыйналыш өткөрдү деп баалаган. Темир Сариев бул жарандардын эркин жүрүү укугун басмырлоо деп бааларын жана бийлик мындай саясаты менен бара-бара ата менен баланын жолугушуусуна тыюу салууга барары айкын болуп калды деп белгиледи.(BD)

XS
SM
MD
LG