Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:04

“Өкмөттө кадрлар менен кошо, механизмдер алмашышы керек”


Жогорку Кеңештин “Ак жол” фракциясынын депутаты Алишер Мамасалиев “Азаттыкка” кыргыз өкмөтүндөгү акыркы кадрдык өзгөрүүлөрдөн кандай жыйынтык чыгаарын азырынча түкшүмөлдөп айтуу кыйын, деп айтты. Кызматтан алынган аткаминерлердин ордуна жаш, жаңыча ойлонгон кадрлар келеби, же жөн гана орун алмашуу болуп калабы деген суроонун жообу жакында билинерин кошумчалады. Жаш депутаттын баамында, өкмөт жаш кадрларга жана жаңы калыпка муктаж. Бийликте тез-тез өзгөрүүлөр болгону менен көзгө көрүнгөн жыйынтыктар жок. Ошодуктан кадрлардын алмашуусу менен өкмөттө иштөөнүн жаңы жол-жоболору, тартиптери киргизилиши керек, дейт А. Мамасалиев. (EBM)

XS
SM
MD
LG