Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:31

Ооган президенти Гуантанамо түрмөсүн жабуу буйругун кубаттады


Кубадагы америкалык аскерий базадагы абакта терроризм үчүн шектелгендер кармалып келет. Анын жабылышы жөнүндөгү буйрукка президент Барак Обама бейшембиде кол койгон. Абактын жабылышы терроризмге каршы күрөшкө болгон эл аралык колдоону күчөтөт, - деп билдирди Хамид Карзай кечээ. Президенттин кеңсесинен кабарлашкандай, Карзай АКШнын жаңы мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон менен телефондон сүйлөшүп, эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты жана терроримзге каршы биргелешкен иш-аракеттерди талкуулашты.

XS
SM
MD
LG