Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:10

Хьюман Райтс Уотч орус-грузин чатагындагы укук бузууларды жарыялады


Бул эл аралык уюм Россия менен Грузия ортосундагы уруш маалында катталган адам укуктарын бузуу фактылары тууралуу докладын жарыялады. Укук коргоо уюмунун ырастоосунда, эки тарап тең жайкын тургундардын укуктарын бузушкан. Уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча директору Рэчел Денбер Россия менен Грузияны андай учурларды калыс иликтөөгө үндөдү. Орус куралдуу күчтөрүнүн соккуларынан көптөгөн карапайым адам өлдү, же жарадар болду. Россия ошондой эле оккупациялык күч катары коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздай алган жок, - делинет докладда. Уюмдун ырастоосунда, Грузия Тцхинвалиге ракета атуулары менен карапайым калктын коопсуздугун көз жаздымда калтырганын далилдеди. Былтыр августта Тбилиси жикчил Түштүк Осетия жумуриятын кайтаруу аракетин көргөндө орус аскерлери Грузиянын аймагына кирип барышкан. Согуш 5 күнгө созулган.

XS
SM
MD
LG