Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:14

Аксы районундагы ондогон айылда мамлекеттик сыналгы көрсөтүлбөйт


Райондун он бир айылына улуттук телеканалдын көрсөтүүлөрү жайылтылбай калган. Мындай абалга Терс жана Чеч-Дөбө кыштактарынын тургундары да дуушар болушкан деген маалымат областтык бийликтен алынды. Билдирүүгө ылайык, Аксынын Току деген чокусуна теле көрсөтүү жана радиоуктурууларды тартып берүүчү станция өлкө эгемендикке жетишкенден бери орнотулбай келатат. 2001-жылдан бери ретрансляциялык станцияга зарыл болгон 35 миллион сомдун тагдыры чечилген жок. Жергиликтүү калктын пикири боюнча райондун тоо бөлүгүндөгүлөр ушул көйгөйдөн улам орусиялык сыналгыларды, кыргыз-өзбек чек ара аймагындагы жарандар Өзбекстандын үналгысын угуп, сыналгысын көрүүгө аргасыз. Кыйладан бери эркин маалымат каражаттары да Аксыда уктурулбай атат. «Азаттык» үналгысын УТРК аркылуу таркатуу өтүнүчү менен 403 киши Бакиев жана Эшимкановго кайрылган, бирок андан жооп жок. (YA)

XS
SM
MD
LG