Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:50

Ак үй АКШнын учкучсуз учагы Пакистан аймагына сокку урду деген маалыматтар боюнча эч нерсе айткан жок


Кабарларга караганда, АКШныкы делген, учкучсуз башкарылган учак Пакистандын түндүк-батышына, Ооганстан менен чек арага жакын жерге ракеталык соккуну кечээ жасаган. Мындай окуя АКШ президентинин кызматына Барак Обама киришкенден бери биринчи ирээт орун алып олтурат.

Пакистан коопсуздук кызматтарынын өкүлдөрүнүн билдиргенине караганда, Түндүк Вазирстан жана Түштүк Вазирстан аймагындагы үйлөргө жасалган соккудан кеминде 15 адам мерт болгон.

Маалыматтарга караганда, АКШ былтыр август айынан бери Пакистан аймагында согушкерлер жашырынып жатат деген жайларга учкучсуз учактар аркылуу 30тай чабуул жасады. Мындай көрүнүштү аймактык бүтүндүгүн бузгандык катары эсептеген Пакистан бир нече ирээт каршылык билдирген.

Жума күнкү окуянын алдында президент Барак Обама АКШнын Улуттар уюмундагы мурдагы элчиси Ричар Холбурукту Ооганстан жана Пакистан боюнча атайын өкүл кылып дайындаган эле. Мамлекеттик депратамент Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон жума күнү пакистан жана ооган лидерлери менен телефодон сүйлөшкөнүн билдирген.

XS
SM
MD
LG