Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:18

А. Жекшенкулов: Өмүрбек Текебаевге кылмыш ишин козгоо - саясий тапшырма


“Оппозиция өкүлдөрүнө минтип басым жасоо менен бийлик өзүн күчүн, мындан ары да ушундай күчкө салабыз деген ыкмаларын көрсөтүп жатат”, - деп билдирди “Азаттыкка” “Акыйкат үчүн” кыймылынын жетекчиси Аликбек Жекшенкулов. Ал ошондой эле Өмүрбек Текебаевге кылмыш ишин козгоого негиз жоктугун, анткени анын автоунаасынан табылган куралдар учурунда тиешелүү жетекчилер тарабынан белекке берилген мыйзамдуу, алып жүрүүгө уруксаты бар куралдар экенин, бул оппозиция өкүлдөрү өлкө аймактарын кыдырууга чыгаар алдында Өмүрбек Текебаевдин кадыр-баркын кетирүү аракетинде жасалган саясий тапшырма экенин кошумчалады. Саясатчынын пикиринде, бийликтин минтип күчкө салуу аракети жакшылык алып келбейт жана андан эч нерсе чыкпайт.(SM)

XS
SM
MD
LG