Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:50

Ноокат тополоңун иликтөө үчүн коомдук комиссия түзүлөт


Мындай комиссия түзүү демилгесин “Кылым шамы” укук коргоо борборунун башчысы Азиза Абдрасулова көтөрүүдө. Укук коргоочунун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, Орозо айттагы тополоң боюнча ноокаттыктарга азыр да басым уланууда жана бул окуя боюнча айыпталып кармалгандар болсо кыйноолорго кабылган. Укук коргоочу Ноокат тополоңу менен 2002-жылдагы Аксы окуясынын кандайдыр бир окшоштуктары бар, анда да карапайым элди күнөөлөп, бийлик тараптан тукуруулар болгон деп эсептейт. Болгону Ноокаттагы окуяга диний-экстремисттик маанай сүртүлүп, учурунда коомчулук анча маани бербей калган. Ошон үчүн бул окуяны акыйкат иликтөө үчүн коомдук комиссия түзүү зарыл дейт, укук коргоочу.

Былтыр 1-октябрда Ноокат районунда Орозо айтка байланыштуу майрамдык иш-чараларды борбордук аянтта өткөрүүгө уруксат берилбегендиктен тополоң чыгып, райондук акимчиликтин имараты таш бараңга алынган. Бул окуя боюнча козголгон кылмыш иштен улам райондук сот 32 адамды 9 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыраткан.(SM)

XS
SM
MD
LG