Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:56

Ооганстанда миңдеген адамдар демонстрацияга чыкты


Алар ооган президенти Хамид Карзайга жана АКШга каршы нааразылык акциясына чыгуусунда АКШ баштаган аскерлердин талиб согушкерлерине каршы соңку рейди учурунда кайрадан бейкүнөө адамдар каза тапты деген маалыматтар себеп болду. Талиб согушкерлерине каршы акыркы операциялардн бири Лагман провинциясында өткөрүлгөн. Америкалык командачылыктын айтымында, алардын аскерлери абадан да колдоо көргөзүлгөн операция учурунда 15тей согушкерди жок кылды. Бирок жергиликтүү бийликтердин ырастоосунда, согушкер деп шектелгендер менен кошо он жөн-жай тургун да мерт болгон. Учурда АКШ жана Ооганстан тарап бул окуя боюнча биргелешкен иликтөө баштады.

XS
SM
MD
LG