Ирак бийлиги “Кувейт Аба жолдору” компаниясына 1990-жылы Саддам Хусейндин аскер күчтөрүнүн Кувейтти басып кирген маалында тарткан зыяны үчүн 300 миллион доллар компенсация төлөп берүүгө даяр. Буга чейин Kuwait Airways компаниясы материалдык компенсация үчүн бир миллиард доллар талап кылган болчу. Ирак өкмөтүнүн басма сөз өкүлү 300 миллион доллар төлөө менен Кувейттин Иракка болгон талабы тууралуу талашка чекит коюлушу ыктымалдыгын билдирди.