Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:40

Өмүрбек Бабанов биринчи вице-премьер министр болуп дайындалды


Мындай жардыкка президент Курманбек Бакиев бүгүн кол койду. Өлкө башчысы Бабановду саат 9-30да өкмөттүн аппараты менен тааныштырат.
Өмүрбек Бабанов 2006-жылдын ноябрында, 2007-жылы апрелде оппозиция уюштурган “Реформа үчүн” кыймылынын штаб жетекчилерининин бири катарында митингдерге активдүү катышкан.

Бабанов 1970-жылы Талас Облусунун Кара-Буура районунун Чымкент айылында туулган. Жогорку билимдүү. 1993-жылы Москвадагы К.А.Тимирязев атындагы айыл чарба академиясын бүтүрүп, окумуштуу-агроном адистигине ээ болгон. 1995-1998-жылы Казакстандын Тараз шаарында “Арлан” Өнөктөштүк жоопкерчилик бирикмесинин директору, Кийинчерек “Мунай” ишканасынын баш директорунун орун басары, “Кыргызпахтанын” президенти, “Петро Казакстан ойл Продакстын” Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн директору, “Мунай мырзанын” директорлор кеңешинин мүчөсү болгон. 2005-жылы № 56 Кара-Буура округунан Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.

2007-жылы декабрда Ө.Бабанов Жогорку Кеңештин IV чакырылышына Социал-демократтар партиясынан (КСДП) талапкерлигин койгон. "Ө.Бабанов Казакстандын жарандыгын алган экен" деген маалымат боюнча соттук териштирүү болуп, жыйынтыгында БШК Бабановду парламенттик шайлоодон четтеткен. Шайлоодон кийин ал жогорку инстанцияларга апелляциялык арыз менен кайрылып, 2008-жылы анын КСДПнын тизмесиндеги орду калыбына келтирилген. Бирок Ө.Бабанов өз каалоосу менен депутаттыкка талапкерликтен баш тартып, анын ордуна парламентте КСДПдан Роза Отунбаева мандат алган. (AJ)

XS
SM
MD
LG