Бул тууралуу «Азаттыкка» парламенттеги СДП фракциясынан депутат Иса Өмүркулов билдирди. Анын айтымында, бийлик экономиканын үстүнөн иштеп, энергетика кризисин чечиши керек. «Бийлик учурдагы кадрдык орун алмаштыруу менен коомчулуктун көңүлүн алаксытабыз деп ойлоп жатышат. Эгерде экономика, жашоо шарт оңолуп кетсе кадрдык алмаштыруулар туура деп айтат элек»,-дейт Өмүркулов. Ал ошондой эле эски Конституция боюнча президенттик шайлоо үстүбүздөгү жылдын октябрь айынын акыркы аптасында өткөрүлүшү керектигин кошумчалады. (AJ)