Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:27

Турсунбай Бакир уулу Башкы прокуратурадан эскертүү алды


Башкы прокуратура “ЭрК” партиясынын лидери, “Мусулмандар биримдиги” коомдук уюмдун тең төрагасы Турсунбай Бакир уулун Кыргыз республикасынын мыйзамдарын бузбоону эскертти. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, “ЭрК” партиясынын лидери Турсунбай Бакир уулу менен “Жоомарт” патриоттук кыймылынын лидери Нурлан Мотуев экөө биргелешип уюштурган “Мусулмандар биримдиги” коомдук кыймылы өлкө калкынын көпчүлүгүн түзгөн мусулман дининдегилерге багытталган. Алар жолугушууларды намаз бүткөндөн кийин мечиттерде жүргүзүшкөн. “ЭрК” саясий партиясы түзгөн “Мусулмандар биримдиги” кыймылы диний көз караштагы өзүнчө топтордун башын кошоору белгиленип, алар менен саясий ишмердүүлүк жүргүзүү Конституциянын нормаларына карама-каршы келет, деген прокуратуранын маалыматында. (AJ)

XS
SM
MD
LG