Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:17

“Бакиевдин кадрдык өзгөртүүлөрү жаштарга үмүт берди”


Мындай пикирин Ош мамлекеттик университетинин студенттик акыйкатчысы Эрнис Толтоев өкмөттөгү акыркы кадрдык алмашууларга байланыштуу “Азаттыкка”билдирди. Өкмөттө бир катар жаштардын дайындалышы, башка жигердүү жаштарда бийликке келүү ишеничин пайда кылганын белгиледи. Ошол эле учурда Э. Толтоев кадрдык өзгөрүүлөр боюнча чечимдер дыкат ойлонулбай тез кабыл алынганына, ушундан улам өкмөттө көп учурда жөн гана орун алмашуулар болуп калганына өкүнүчүн билдирди. Министр же министрдин орун басары кызматтарга оппозиция өкүлдөрү тартылса жакшы болмоктугун айтты. Оппозиция өкүлдөрү ар бир тармакка сынын айтып, реформалар керектигин билдирип келет, ошол ой-мүдөлөрүн ишке ашыруу үчүн алар сөзсүз бийликке тартылышы абзел, дейт жаш активист. (EBM)

XS
SM
MD
LG