Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:14

Кыргызстандагы соттордун иш аракеттерине карата 200 даттануу түшкөн


Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин коргонуу, коопсуздук, тартип сактоо жана сот-укуктук иштерди реформалоо комитетинин жыйынында Жогорку соттун төрайымы Жаңыл Алиева билдирди. Анын айтымында, атуулдардын арызынын жыйынтыгында жана укук бузууларга байланыштуу 20 сот жазаланган. Ал ошондой эле өткөн жылы соттор 117 миң 390 ишти карап чыгышканын, алардын көпчүлүгү жарандык иштер экендигин белгиледи. Жарандык иштерди соттук териштирүүгө эки тараптын катышуусунда проблемалар болуп жатканын кошумчалады. (AJ)

XS
SM
MD
LG