Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:38

“Ата Мекендин” Ноокен жана Сузак аймактык бөлүмдөрү элге жана президентке кайрылышты


“Президенттик шайлоо утурлаган сайын бийлик оппозицияга тоскоолдук жасоодо. Өлкөдө саясий-социалдык-экономикалык кризис уланууда. Демократиялык баалуулуктар азайып, сөз жана басма сөз эркиндиктери одоно бузулууда. Партиянын башчысына мыйзамдуу уруксаты бар мылтыгы үчүн кылмыш иши козголгонун биз шайлоо алдында Текебаевди каралоо максатында жасалган чагым деп баалайбыз. Мындай иш-аракеттер анын Москвага бараар сапарын үзгүлтүккө учуратуу үчүн жасалууда. Ө.Текебаев менен А.Жекшенкуловго ачылган кылмыш ишин токтотууну талап кылабыз. Болбосо, мыйзам чегинде нааразылык акцияларын өткөрөбүз”, - деп айтылат, 45 адам кол койгон кайрылууда. Бул тууралуу партиянын облустагы тең төрагасы Советали Сеитбеков жана орунбасары Ильич Нарматов билдиришти. «Эркиндик» партиясынын төрага орунбасары Мойдун Мамажановдун пикиринде, оппозицияга куугунтук жасалган жок.(YA)

XS
SM
MD
LG