Чкалов айылынан район борборуна келаткан «УАЗ» үлгүсүндөгү автоунаа таңга маал Кара-Үңкүр дарыясына кулап түшкөн. Автоунаанын ичинде 12 адам болгон. 25-январда болгон кокустуктун айынан 5 адам ошол жерде мерт болуп, бешөө райондук ооруканага жеткирилген. Алар денелеринен түрдүү деңгээлде жараат алышкан. Мындай маалымат 26-январда облустук МАИден алынды. Айылда жүргөн калемгер Зулумбековдун белгилешинче, кокустук талапка ылайык көпүрөнүн жоктугунан келип чыккан. Элдин дарыяга 56 метрлик көпүрө куруу тууралуу талабы 2001-жылдан бери аткарылбай келатат. Жабырлануучулар көпүрөгө акча кошобуз деп, базарга май-жаңгагын сатканы келаткандар, - деп айтты журналист Рысбек Зулумбеков. Облбийликтин бөлүм башчысы эски көпүрөнү ондоо маселеси өкмөткө бир нече жылдан бери коюлганы менен каражат бөлүнбөгөндүгүн, Чкалов айылында жер көчкү коркунучу бар экендигин билдирди. (YA)