Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:45

“Ата Мекендин” Кара-Суудагы лидери муунтууга кабылды


Бул туурасында «Ата Мекен» партиясынын Кара-Суу райондук лидери Төлөгөн Келдибаев өзү «Азаттыкка» өзү билдирди. Ал 25-январдан 26сына караган түнү саат 03.00 ченде таксичилик вазийпасын аткарып бүтүп, үйүнө кайтып баратканда милиция формачан жана куралчан 4 жигит тосуп, өзүн муунтуп сыртты карай сүйрөп, анан машинасын каалагандай тинтишкен. Эч нерсе таппаганнын билгенден кийин айдоочу «атамекенчи» тигилерди шаардык ички иштер башкармалыгына барып түшүндүрмө берүүсүн талап кылганда, качып кетишкен. Ош шаардык милициясына кайрылсак, аталган окуя боюнча комментарий берүүдөн тайсалдашты. (ATo)

XS
SM
MD
LG