Бул боюнча Ошто эртеңкиге белгиленген маалымат жыйынында сөз болоору тууралу адам укуктарын коргоочу "Эдвокаси" борбору билдирүүдө. Конференцияда Ноокат окуясына байланыштуу айыпкерлердин кызыкчылыгын коргогон 5 адвокат сот жараянынын жүрүшүндөгү мыйзам бузуулар туурасында айтып беришет. Жолугушуунун максаты - акыйкат сот жараянын камсыз кылуу үчүн коомчулуктун көңүлүн буруу. (AzK)