Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:59

Сокулук районундагы көпчүлүк эл азыркы бийликке нааразы


Бул тууралуу аталган райондо эл менен жоолугушууларды өткөрүп жүргөн “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Крупская атындагы айыл өкмөтүнүн 1-май айылындагы бүгүнкү жолугушууда жергиликтүү тургундар электр жарыгынын өчүрүлүшүнө, кымбатчылыкка, бийликтин айыл жерлериндеги жашоо шарттарга көңүл бурбай калышкандыгына, мыйзамдуулуктун сакталбагандыгына нааразы болушууда. “Бийликтин саясий куугунтугуна жана укук коргоо органдарынын коркутуп-үркүтүүлөрүнө нааразылык билдиришкен айылдык байбичелер, балдарынын ордуна өздөрү саясий акцияга чыгууга даяр экендигин билдиришти”,- дейт Сариев. Ал ошондой эле “Ак шумкар” партиясынын өкүлдөрү Сокулук районунда жана Чүй облусунун башка айылдарында эл менен жолугушууларды улантарын кошумчалады. (AJ)

XS
SM
MD
LG