Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:21

Кыргызстанда дары-дармектер кымбатташы мүмкүн


Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы дары-дармектер менен камсыз кылуу департаментинин баш директору Рустам Курманов бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, дүйнөлүк рынокто анын ичинде Орусияда дары-дармектердин баасы 15-18 пайызга кымбатташы күтүлүүдө. “Өлкөгө дары-дармектер чет мамлекеттерден сатылып алынып келгендиктен Кыргызстандагы дары-дармектердин баасына таасирин тийгизет”,-дейт Курманов. Ал эми саламаттык сактоо министри Марат Мамбетов республикадагы дарыканалардын 100 пайызы менчик экендигин, дары-дармектердин 90 пайызы чет өлкөлөрдөн алынып келерин айтты. (AJ)

XS
SM
MD
LG