Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:21

Текебаев өзүнө ачылган кылмыш ишин Бишкекке которууну көздөйт


“Ата Мекен” партиясынын маалымат кызматынын билдирүүсүндө, Ө.Текебаев мындай доо арызын Кара-Буура районунун прокуроруна жолдогон. Анын ою боюнча, ишти Таласта иликтөө максатсыз. Анткени куралга карата уруксат берүү документтери Бишкектин ички иштер башкармалыгы тарабынан берилген. Куралды сатып алган дүкөндөр дагы борбордо жайгашкан. Буга кошумча бул маселе боюнча эксперттер, курал сакталган сейф жана күбөлөр дагы Бишкекте. Мындан тышкары Текебаев башкы прокурор Эльмурза Сатыбалдиевдин атына да кат жолдоду. Анда Текебаев өзүнүн телефон аркылуу сүйлошүүлөрү белгисиз адамдардын тыңшаганы тууралуу фактыны тактап, аларды жоопко тартууну суранган. Эгер тыңшоолор санкцияланган болсо, анда ал кайсы орган тарабынан, кайсы кылмыш иштери боюнча экендигин да тактоону өтүнгөн. (AzK)

XS
SM
MD
LG