Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:48

18 бейөкмөт уюм аскердик кызматы жөнүндөгү мыйзамга нааразы


Жарандык коомдун өкүлдөрү Жогорку Кеңеш кабыл алган “КР жарандарынын жалпы аскердик милдеттери, аскердик жана альтернативдик кызмат жөнүндө” мыйзамга карата нааразычылыктарын билдирип жатышат. Мыйзамдын 27-беренесине ылайык, аскер кызматкерлери жана жоокерлер укук коргоо органдарына адам өмүрүн, ден соолугун, намысын коргоодо жана коомдук коопсуздукту камсыз кылууда жардам бергенге укугу бар. Бейөкмөт уюмдардын президентке, парламентке, акыйкатчыга жолдогон билдирүүсүндө, тынчтык жол менен өтүүчү ар кандай акцияларды укук коргоо органдарынын жардамы менен таратуу аракети - эгер көчө акцияларын колдогондордун саны өсүп кетсе, эл менен милициянын ортосундагы кагылышууга алып келет. Мындай учурда мыйзамда көрсөтүлгөндөй куралдуу күчтөр да абалды жөнгө салууга катышса бул трагедиялуу жыйынтыктарга алып келээри жазылган. "Курманбек Салиевич, азыр мындай мыйзамдарды кабыл алуу боюнча жоопкерчилилик сизге жана парламентке артылат ”, - дешет алар билдирүүдө. (AzK)

XS
SM
MD
LG