Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:41

К. Бакиев Кыргызстанды өнүктүрүү боюнча президенттик багытты ачыктады


К. Бакиев 27-январда Кыргызстандын калкына Улуттук сыналгы канал (УТРК) аркылуу кайрылуу менен чыгып сүйлөдү. Президент өзүнүн кайрылуу сөзүндө Кыргызстан зор жоопкерчиликти талап кыла турган мезгилде тургандыгын баса белгилеп, стратегиялык документтерди жигердүү ишке ашыра баштоо үчүн ишти уюштуруудагы башкы шарттарды айтып өттү.

Атап айтканда “чечимдерди даярдоо жана кабыл алуу процесси түшүнүктүү жана ачык болууга тийиш. Аткаруу тартиби катуу көзөмөлгө алынышы зарыл. Жер-жерлерде көзгө көрүнөрлүк жетишкендиктерди камсыз кылуу керек.”

Президент жакынкы жылдары өлкөнүн башкы идеологиясы - улуттук таламдарды жүзөгө ашыруудагы жүйөөгө негизденген тең салмактуулук идеологиясы болуп каларын билдирди.

“Инновациялар менен улуттук өз алдынчалуулукту сактоонун, базар (рынок) менен мамлекеттик жөнгө салуунун, демократия идеялары менен өлкөнү башкаруунун ортосундагы акылга сыярлык тең салмактуулукту камсыз кылуу зарыл”, - деп белгиледи президент.

К. Бакиев бир эле учурда ар кыл саясый күчтөргө жана өлкөнүн интеллектуалдык ресурстарына кулак төшөп, чечимдерди даярдоо жараянына аларды кеңири камтый берүү жөнүндө да айтып кетти.

Президент алдыга коюлган максаттарга тез арада жана натыйжалуу жетишүү үчүн өзүнө караштуу Стратегиялык талдоо жана баа берүү институту жана Катчылык түзүлгөнүн белгилей кетти.

Катчылык менен Стратегиялык талдоо жана баа берүү институтуна президенттик багытты конкреттештирүү боюнча сунушту кеңири талкуулап, андан кийин аны кайра кароого киргизүү, ошондой эле аны болочокто жүзөгө ашыруу планын даярдоо иши тапшырылды.

Бул сыналгы кайрылууга карата колдоо көрсөткөн жана сындаган ар кыл пикирлер айтылууда.

Маселен, саясат таануучу адис Аскарбек Мамбеталиевдин пикиринде, кайрылуу "эптеп чүргөй салынгандай" сезилет. Кайрылуунун орусча жана кыргызча текстинин саал коошпогон жагдайлары бар, жана демократиянын өзүн "баланстоонун" кажети барбы? деген сыяктуу сын пикирлер да айтылууда.

Ал эми айрым талдоочулар кайрылууда оппозициячыл партияларга да кызматташтык үчүн эшик ачык калтырылган жана жалпы журтту ынтымакка чакырган олуттуу ой камтылганын белгилешүүдө. "Ак Жол" партиясынын мүчөсү, депутат Ибрагим Жунусов кайрылуу ээси "сунушталган багытты жүзөгө ашыруу жоопкерчилигин толук өзүнө алуу аркылуу президент зор чечкиндүүлүк кылды" деп баалай турганын "Азаттыкка" билдирди.

XS
SM
MD
LG