Алардын бирөө -Израилдин аскери, экинчиси палестиналык фермер.
Израил тараптын билдиргенине караганда, күзөттө жүргөн аскерлердин жолунда палестиналык согушкерлер көмгөн бомбанын жарылуусунан алардын дагы үч жоокери жаракат алган. Бул - Газада ок атышууну токтотуу боюнча өткөн апта башында жетишилген макулдашуудан кийинки биринчи кыянатчылык. Палестиналык дарыгерлердин айтымында, жарылуудан соң жөөт аскерлери Газа секторун көдөй ок атып, бир фермерди мерт кылышты. Жардыруу үчүн азырынча эч ким жоопкерчилик ала элек.
Ушул апта башында Израил Газа секторунда ХАМАСтын согушкерлерин өлкө аймактарына ракета атуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуу максатында деп жүргүзгөн операция учурунда 1300дөн ашуун палестин, 13 израилдик мерт болгон.