Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:57

Европага газ алып келүүнүн жаңы багыты Будапеште талкууланууда


Бул үчүн венгер башкааласына Евробиримдиктин жана башка ондогон өлкөлөрдүн министрлери менен расмий өкүлдөрү жана эки банктын жетекчилери жыйналды.

Саммит Москва менен Киевдин ортосундагы талаштан улам Орусия газынын Украина аркылуу келүүсү үзгүлтүккө учурап, Евробиримдиктин бир нече өлкөсү көгүлтүр оттун олуттуу тартыштыгына кабылган соң өтүүдө.

Узундугу 3300 чакырым деп эсептелген Набукко газ кууру долбоору Борбор Азиянын жана Каспийдин газын Орусия менен Украинага кирбестен Түркия аркылуу Европага алып келүүнү карайт. Бирок болочок куур кайсыл газдын эсебинен толоору жана долбоорду каржылоо маселеси азырынча бир жаңсыл чечиле элек.

Евробиримдиктин учурдагы төрагасы – Чехиянын премьер- министри Мирек Топаланек Набукко боюнча мунаса табуу - Европадагы "тилектештик үчүн сыноо" экенин белгиледи. Ал эми биримдиктин энергетика боюнча комиссары Андрис Пиебалгс саясий лидерлерди Набукко боюнча март айынын соңуна карата тыянакка келүүгө чакырды, болбосо долбоордун келечегине доо кетерин эскертти.

Европанын инвестициялык банкы менен Европанын өнүгүү жана кайра куруу банкынын жетекчилери эгер белгилүү бир шарттар аткарылса, алардын институттары Набукко доолборун каржылоого даяр экенин белгилешти.

XS
SM
MD
LG