Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:06

Өчүп бараткан энергетика! Ким алат?


Кыргызстан - электр кубатынын мекени, бирок анын кээрин да тартууда.
Кыргызстан - электр кубатынын мекени, бирок анын кээрин да тартууда.

Кыргызстандын сатыкка коюлган үч ири отун-кубат ишканасын менчиктеп алууга ичтен да, сырттан жарактуу кардар чыкпады. 27-январда “Бишкек жылуулук-электр борбору”, “Жылуулук тармактары” жана “Түндүк электр” акционердик коомунун мамлекет ээлигиндеги баалуу кагаздарын сатуу боюнча конкурска бир да инвестор катышпаганы айкын болду.

- Конкурска бир да инвестор документ тапшырган жок. Ошон үчүн комиссия “эч ким алган жок“ деп чечим чыгарды, - деди “Азаттыкка” Мамлекеттик мүлк комитетинин стат-катчысы Сүйөркул Бакиров.

Энергетикалык ири үч ишкананы сатуу чечимин өкмөт өткөн жылдын 29-октябрында чыгарган болчу.

Анда “Түндүк электр” акционердик коомунун акцияларынын баштапкы баасы 5 миллиард сомго, “Бишкек жылуулук-электр борбору” он бир жарым миллиард сомго, “Бишкек жылуулук тармактары” эки миллиардга жетпеген сомго бааланган.

Менчиктештирүү үчүн сунушта бул ири отун-кубат ишканаларынын баалуу кагазлдарын сатып алган компаниялар өкмөт койгон биртоп шарт-талаптарды аткарышка, ири өлчөмдөгү инвестиция алып келишке милдеттүү деп көрсөтүлгөн.

Буга кээ бир депутаттар өкмөт энергетикалык объекттерди сатып алган компанияларга коюлган биртоп шарт-талаптарды жеңилдетиш керек деген пикирин артууда.

- Азыр эч ким деле ала албайт. Анын себеби учурдагы акчасы бар компаниялар дүйнөлүк кризиске байланыштуу банкротко кабылып жатканында. Экинчиден кичине кымбатыраак айтсак деле болот. Мисалы, Бишкек ЖЭБинин (ТЭЦ) өзүнүн баасы эле 1 миллиард доллардан ашык болот. Аны 450 млн. АКШ долларга коюптур, аны оңдотконго дагы 250 млн. АКШ доллары керек.

Андан сырткары көмүр, мазут, газ алыш керек. Айландырууга да акча талап кылынат. Андан көрө дүйнөлүк тажрыйбага таандык бир АКШ долларга сатып, оңдойбуз десеңер ошол сатып алчу акчасын ремонтко жана башка жакка жумашсын. Ошону менен ЖЭБти (ТЭЦ) сактап калат элек. Эгерде ЖЭБ (ТЭЦ) дагы бир эле жыл ремонт кылынбаса эмдиги жылы биз таптакыр андан айрылып калышыбыз ыктымал
, - деп айтты парламент депутаты Нарынбек Молдобаев.

“Бириккен элдик кыймыл” 27-январь күнү кыргызстандыктарга жана стратегиялык обьекттерди сатып алууга ниеттенгендерге кайрылуу жолдоду. Анда Кыргызстандагы стратегиялык обьектилердин бардыгы элдин байлыгы деп баса айтылып, буга байланыштуу чечимдер жана мыйзамдар легитимсиз парламент тарабынан кабыл алынганы белгиленген.

БЭКтин мүчөсү, “Акыйкат үчүн” кыймылынын коодинатору Аликбек Жекшенкуловдун айтымында, отун-кубат (энергетика) көйгөйлөрү акыркы жылдары жүргүзүлгөн мамлекеттик башкаруудагы өксүктөр менен түшүндүрүлөт:

- Тилекке каршы, акыркы үч-төрт жылдан бери, бул энергетика элге пайдасы жок иштеп жатпайбы. Бир жагынан тарифтер кымбаттады. Кыргыз энерго чоң агенствосу бар болчу. Ошону төрт- бешке бөлгөндөн кийин анан чыгашага малынышты. Бул эмнени көрсөтөт? Бул мамлекеттик менежмент аябай начар болуп кеткендигин көрсөтөт. Анан менчиктештиребиз деп айтып жатышат, менимче бул туура эмес. Анткени энергетика - бул стратегиялык маселе. Энергетиканы сатсак биздин эмнебиз калат? Кыргызстандыктарга. Кыргыз элине. Анда тоолорду, сууларыбызды сатсак, ошондон кийин мамлекет катары өзүбүздү жоготуп коёбуз.

Деген менен мамлекет жетекчилиги өлкөдөгү ири отун-кубат ишканаларынын өкмөткө таандык баалуу кагаздарын сатуу оюнан тайбай тургандай.

Өкмөт бүгүн эле “Ош-Электр” жана “Жалалабат-Электр” мамлекеттик ишканаларын баалоо боюнча конкурс жарыялады.

XS
SM
MD
LG