Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Август, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:18

Орус православ чиркөөсүнүн жаңы патриархы шайланды

Смоленск жана Калининграддын 62 жаштагы митрополити Кирилл шайлоого катышкан көпчүлүк дин ишмерлери тарабынан тандалды. Митрополит Исидор Москвадагы Христос куткаруучунун чиркөөсүндө шайлоонун жыйынтыгын жарыялады:

-Орус-проваслав чиркөөсүнүн азыркы утурумдук башчысы Смоленски жана Калининграддын митрополити Кирилл үчүн 508 добуш, Калуга жана Боровсктун митрополити Климент үчүн 169 добуш берилди .

Мурдагы патриарх Алексий Экинчи былтыр декабрь айынын башында 79 жаш курагында дүйнөдөн өткөн. Орус-правoслав чиркөөсүнүн жолун жолдоочулар дүйнөдө 165 миллион деп эсептелинет.
XS
SM
MD
LG