Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:38

Ж. Пиримбаев: Кайрылуу ишке ашса бийликке ишеним артат


Президент Курманбек Бакиевдин 27-январдагы калкка кайрылуусу боюнча оюн “Азаттыкка” экономика илимдеринин доктору Жусуп Пиримбаев айтып берди. Окумуштуунун пикиринде президент кыска жана мазмундуу билдирүү жасап, ал аркылуу коомдогу олку-солкулукка түзөтүү киргизди. Окумуштуу кайрылууну бийликтин улуттук деңгээлди эске алган демократия курууга, улуттук башкаруу системасын түзүүгө умтулуусу катары баалады. Бул жерде тең салмактуулук эмес, айкаштык жөнүндө сөз болуп жатат, “мен бул кайрылуудан кыйыр түшүнүктү байкаган жокмун” деди Пиримбаев.
Коомчулукта кайрылуу демократия менен мамлекеттик башкарууну теңештирүү аракети катары бааланган терс көз караштар да айтылууда. Оппозиция болсо президенттин кайрылуусуна бийлигин чыңдоону көздөгөн жасалма кайрылуу катары кароодо. (BuS)

XS
SM
MD
LG