Мындай пикирин “Ата мекен” саясий партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев президент Курманбек Бакиевдин 28-январдагы жаңы кайрылуусуна байланыштуу билдирди. Бул кайрылуунун максатын Текебаев президенттик администрациядагы өзгөрүүлөрдү, катчылыктын, Эл аралык стратегиялык иликтөө институтунун кайра түзүлгөндүгүн жана алардын маанисин көрсөтүү менен байланыштырды. “...текстти жаңы “стратег-саясий технологдор” даярдаган. Бул президент Бакиевге алардын дымагын, дооматын жана таасирин көрсөтүп турат” деп жазган Текебаев өз билдирүүсүндө.
Саясатчынын оюнда Конституцияга ылайык адатта президенттер кайырлууну жылына бир ирет же андан ашыгыраак жасашат. Президент акыркы кайрылуусун 2008-жылдын октябрында жасаганын белгилеген саясатчы кезексиз кайрылуу кырдаалга, элди мобилизациялоого, оор, күтүүгө болбой турган милдеттерди чечүү зарылдыгына жараша жасаларын кошумчалаган. Бул кайрылуу президенттин ситилине окшош эмес жана анын максаты түшүнүксүз, идеологиянын булагы жана алып жүрүүчүсү ар кайсы мекемелер эмес, президент өзү болушу шарт деп айтылат Текебаев тараткан билдирүүдө. Оппозициячыл саясатчы ошондой эле президентти партиялык системадагы партиялардын ордун түшүнбөстүгү, сынга чыдамкай эместиги, саясий атаандаштарын бакырчактар жана куру чечендер деп атаганы үчүн сындаган. Президент Курманбек Бакиевдин тарапкерлери болсо кайрылууга карата оппозициянын бул өңдүү сын-пикирлерин “бөйрөктөн шыйрак чыгаруу” деп жатышат. (BuS)