Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:00

Кумтөр маселеси кайрадан талкууга түштү


Бүгүн Жогорку Кеңештин имаратында “Кумтөр” алтын кенинин талаштуу өңүттөрү талкууга алынды. Жогорку Кеңештин төрага орун басары Кубанычбек Исабековдун демилгеси менен өткөн бул жолугушуу жабык өтүп, ага өкмөттүк комиссиянын өкүлдөрү, “Кумтөр” ишканасынын, салык, социалдык кызматтардын тиешелүү жетекчилери катышты. Кубанычбек Исабековдун журналисттерге билдиргенине караганда тараптар “Кумтөр” алтын кенине байланыштуу Кыргызстанга көбүрөөк пайда бере турган келишим түзүүнүн, алтын кенин Кыргызстандын карамагына алуу жөнүндөгү мыйзам долбоорунун оош-кыйыштарын талкуулашты. Демилгечинин билдиргенине караганда ал иштеп чыккан “Кумтөр” кенин мамлекетке алуу жөнүндөгү мыйзам долбоорун учурда өкмөт талдап жатат. Ошондой эле Исабеков мурдагы өкмөт башчы Николай Танаевдин учурунда кол коюлган 2003-жылкы келишимди жокко чыгаруу боюнча Бишкек райондор аралык сотко кайра кайрылганын маалымдады. Жолугушууга катышкан "Кумтор Голд Компани" ишканасынын президенти Андрей Сазанов бул маселелерге карата пикирин билдирген жок. (BuS)

XS
SM
MD
LG