Тоолуу Карабак регионуна жакын жердеги чекара бекетинде атышуулар болуп, анда азери аскерлери үч армян аскерин атып өлтүрүштү. Армян тарап азырынча бул тууралуу билдирүү жасай элек. Тоолуу Карабак региону 1980-жылдардын этегиндеги армян-азери тараптардын согушунан кийин Азербайжандан бөлүнүп калган. Согушта 30 миңдей киши набыт болгон деп айтылып жүрөт. Кийин тараптар атышууларды токтотуу боюнча келишимге жетишкени менен, азырга чейин аймакта эки тараптын ортосунда майда чатактар болуп турат.