Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:17

Обаманын өкүлү Жакынкы Чыгыштагы конфликтти талкуулап жатат


АКШ президентинин Барак Обаманын Жакынкы Чыгыш боюнча өкүлү Израиль менен Палестинадагы Хамас куралдуу тобу ортосунда ок атууну токтотуу тууралуу келишимдин күчөтүлүшү өтө маанилүү экенин билдирди. Бул тууралуу Жорж Митчелл бүгүн Египеттеги жолугушууда айтты. Ал бүгүн Египеттен Израилге келди. Ал Израиль жана Палестина жетекчилери менен сүйлөшмөкчү. Бирок Хамастын лидерлери менен жолугушпай турганы айтылды. Бүгүн таң эртелеп Израиль Палестина менен Египетти байланыштырган туннелге абадан сокку урду. Жөөт аскерий жетекчилигинин ишениминде, дал ушул туннель аркылуу Хамаска Египеттен курал-жарак жеткирилип турат.

XS
SM
MD
LG