Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:45

В.Путин дүйнөлүк кризисти болуп көрбөгөн окуя катары баалады


Давосто өткөн экономикалык форумда орус өкмөт башчысы Путин бийлик өлкөнүн экономикалык турмушуна ашкере кийилигишпеши керектигин айтып, дүйнөлүк экономикалык кризисти мурда болуп көрбөгөн окуя катары баалады. Анын алдында Кытайдын өкмөт башчысы Вэн Цзябао эл аралык институттарды реформалоого жана жакыр өлкөлөргө жардам көрсөтүүгө чакырган. Дүйнөлүк экономикалык форумдун негиздөөчүсү жана аткаруучу төрагасы Клаус Шваб кризистен чыгуу үчүн көп нерсени өзгөртүү зарыл болгонун белгиледи:

“Бүгүн биз өтө татаал маселе менен күрөшүшүбүз керек. Биз саясий бийлик өзгөргөнүн, экономикалык күч батыштан чыгышка, түндүктөн түштүккө оогонун моюнга алышыбыз зарыл. Биз кризистен чыгуу үчүн билимибизди глобалдык чечим кабыл алууга жумшашыбыз керек. Биз дайыма кийинки муундун сөздөрүнө кулак төшөп турушубуз зарыл” .

Анын аралыгында Эл аралык валюта кору бул жылы дүйнөлүк экономика болгону жарым пайызга гана өсөрүн маалымдады. Бул Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки эң төмөнкү көрсөткүч. Бүгүн Давосто форумдун экинчи күнү башталат.

XS
SM
MD
LG