3-4-февралда Москвада Евразия экономикалык шериктештигинин саммити болот. Ага Кыргызстандан президент Курманбек Бакиев башында турган делегация катышат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Бул сапардын алкагында Курманбек Бакиев орус президент Дмитрий Медведев менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуулар боюнча маселелерди да талкуулайт. Россия Кыргызстанга 2 миллиард доллар насыя берүүгө убада берип келатат.(AiT)