Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:11

Бакыт Бешимов: Орусия аласасын “Дастансыз” эле кечсе болот


СДП фракциясынын лидери Бакыт Бешимов бүгүн Жогорку Кеңештин сессиясында Кыргыз өкмөтүн карызды кечүү боюнча Орусия менен кылдат сүйлөшүүгө чакырды. Муну ал Орусия өкмөт башчысы Владимир Путиндин Давос жыйынында экономикасы жарды өлкөлөрдүн карызын кечүү демилгесин көтөргөндүгү менен байланыштырды.
Кечээ Бишкекте президент Курманбек Бакиев менен Орусия өкмөт башчысынын орун басары Игорь Сечин, Энергетика министри Сергей Шматко жолугушуп, анда Орусия Кыргызстандын 180 млн. доллар карызын кечүүгө даяр экендиги маалымдалган. Орусия бул карыздын ордуна “Дастан” ишканасынын 48% акциясын алууну көздөөдө.
Депутат Бешимовдун айтымында Орусия Ливиянын 3 млрд доллар карызын шарт койбой эле кечкен.(BuS)

XS
SM
MD
LG